Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Жалал-Абадда спорт интернаты курулат


Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров Жалал-Абад облусунун спорт коомчулугу менен болгон жолугушууда билдирди. Анын маалыматына караганда, учурда шаардын борборунан Ички иштер министрлигине таандык аймактан жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок курулушка бюджеттен акча каражаты каралган эмес. “Маселени чечүү үчүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары интернаттын курулушун ашар жолу менен бүткөрүүнү сунуштап жатат.

- Бул интернаттын курулушу абдан зарыл. Аймакта таланттуу спортчулар көп. Биз аларды колдошубуз керек.

Спорттук интернатты алгач Ош шаарында куруу пландалган. Андан кийин Жалал-Абад шаарындагы Эл достугу университетинин имараты сунушталган. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде жана кырдаалды эске алуу менен Жалал-Абад шаарындагы Ички иштер министрлигине таандык аймакка куруу чечими кабыл алынган. Учурда ИИМ, Мамлекеттик мүлк фонду башкармалыгы менен сүйлөшүү жүрүүдө. (ECh\SDz)

XS
SM
MD
LG