Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Ажыга барчулар эмдөөдөн өтүп жатат


Ажылык сапарга барчуларды эмдөө бардык аймактарда 30-июль күнү башталды. Маалыматка ылайык, зыяратчылар мээнин сезгенишине жана сасык тумоого каршы эмделет. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө 20-августка чейин аяктарын билдирет. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Азырынча ажылыкка канча адам барары белгисиз. Быйыл ажыга барууга 3300 чамалуу адам документ тапшырган. Ал эми Сауд Арабия Кыргызстан үчүн 3685 кишиге квота бөлгөн. Каттоодон өткөндөрдүн саны ага жетпегендиктен былтыр документ тапшырып, бирок зыяратка барбай калгандар да кошулат. Алардын баары чүчү кулак менен тандалат. Ажылыктын баасы - 2550 доллар. (TSh)

XS
SM
MD
LG