3-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35
Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 21…23° жылуу, күндүз 34…36° жылуу болушу күтүлөт.