Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Кыргыз-тажик чек арасына дагы эл топтолууда


Баткендин Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылы чектешкен аймакта ушул тапта эки тараптан 100дөн ашуун киши топтолуп турат. Алар бири бирине таш атып, жаңжалдашканын “Азаттыкка” райондук акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз жарандары бир топ күн мурун Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп, тажик айылына барчу сууну бууган.

Бир апта мурун суусу токтоп калган Тажикстандын Чорку айылынын тургундары Кыргызстандын аймагына суу куурларын жаткыра баштаганда да эл нааразы болуп чогулган. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракети болууда. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG