Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Кыргыз-тажик чек арасына топтолгон эл тарай элек


Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылы чектешкен аймакта топтолуп жаңжалдашкан кыргыз жана тажик жарандары тарай элек. Эки мамлекеттин жергиликтүү жетекчилери менен күч кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы чек ара кайтаруу башкармалыгынын зардалы, полковник Саитжан Эратов билдирди. Маалыматка ылайык, абал салыштырмалуу туруктуу.

Бир топ күн мурун Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп, кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууган. Бүгүнкү жаңжалга ушул окуя себеп болгону айтылууда. Чек аранын эки жагындагы жарандар бир апта мурун да чырлашкан эле.

Расмий маалымат боюнча, бүгүн тажик тараптан 120га жакын, кыргыз тараптан 80 киши чогулган. Алар бири бирине таш ыргытып, айрымдары жараат алганы кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG