Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Бишкекте курулуш тармагынын абалы талкууланат


Бүгүн баш калаада курулуш тармагындагы көйгөйлөр менен жетишкендиктер жана маселелерди чечүү жолдору талкууланат. Аны ЖИА бизнес ассоциациясы уюштурууда. Жыйында курулуш фирмаларынын өкүлдөрү журналисттер менен эркин баарлашуу форматында талкуу уюштурат. Жолугуу PARK HOTEL комплексинде өтөрүн уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришти.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл жарым жылда Кыргызстанда кабат үйлөрдөгү төрт жарым миңден ашуун батир пайдаланууга берилди. Бул мурунку жылга караганда 24% көп болгону менен адистер Кыргызстанда турак жай курулуш тармагы каржылык каатчылыктан улам аксай баштаганын белгилеп келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG