Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

ЖИА: курулуш тармагы аксап калды


Курулуш тармагы мамлекеттин колдоосуна муктаж. “ЖИАнын” курулуш комитетинин мүчөсү Чолпонбек Акматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, өлкөдө курулуш 50 пайызга төмөндөдү. Айрыкча Орусиядагы каатчылыктын айынан мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы кескин төмөндөдү. Натыйжада көп кабаттуу үйлөрдү сатып алуу кескин азайып, элдин төлөө мүмкүнчүлүгү азайды.

Курулуш компаниялары ишти токтотпоонун аракетин көрүп жатканын айткан Чолпонбек Акматов, ушул кырдаалда мамлекеттин жардамы өзгөчө керек деп өттү.

Чет өлкөдөгү мигранттар Кыргызстанга жылына 2 млрд. долларга чейин каражат которот. Бирок, буга чейинки иликтөөлөрдө маалым болгондой, быйылкы жылдын биринчи кварталында мигранттар Кыргызстанга 33 пайызга аз каражат которгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG