Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Обама АКШнын климат боюнча жаңы планын тарыхый деп атады


Обама "Таза энергия" планын жарыялоодо. Вашингтон, 3-август, 2015-жыл.
Обама "Таза энергия" планын жарыялоодо. Вашингтон, 3-август, 2015-жыл.

Барак Обама бул тууралуу АКШнын көмүр менен электр кубатын өндүрүүчү жайларынан булганыч газдардын бөлүнүшүнө биринчи ирет чектөө киргизилерин жарыялап жатып билдирди:

- Биздин келечекке, биздин муундардын келечегине эң чоң коркунучту климаттын өзгөрүшү жаратарына мен ишенем. Климаттын өзгөрүшү биз балдарыбыз менен неберелерибизге болжолдогон келечектин эле эмес, биз жашап жаткан бүгүнкү реалдуулуктун да маселеси.

АКШ администрациясынын "Таза энергия" планына ылайык, 2030-жылга карата электр кубатын өндүрүүчү жайлардан бөлүнгөн булганыч газдардын көлөмү 2005-жылдагыдан 32% кыскарышы керек.

Бул мезгил аралыгында негизги көңүл энергиянын альтернативалуу булактарына: шамалдан жана күндөн энергия алууну күчөтүүгө бурулат. Бирок көмүрдүн энергиясына таянган штаттардын депутаттары жана өнөр жай топтору администрация киргизип жаткан жаңы эрежелерди сотко берерин билдиришүүдө.

АКШ президенти "Таза энергия" боюнча жаңы планды Париждеги быйылкы саммитти утурлай жарыялады.

БУУнун быйыл декабрдагы чечүүчү саммитинде дүйнөдө булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча жаңы мерчемдер белгиленүүсү керек. (UE)

XS
SM
MD
LG