Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Борис Немцовдун кызы Польшада абройлуу сыйлык алды


Жанна Немцова.
Жанна Немцова.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовдун улуу кызы адам укуктары жана демократия үчүн күрөшкөнү үчүн Польшада акчалай наркы 1,1 миллион доллардык сыйлыкка арзыды.

31 жаштагы Жанна Немцовага Лех Валенсанын Тилектештик сыйлыгы 4-августа Варшавадагы салтанатта ыйгарылып, ага Польшанын кызматтагы президенти Бронислав Коморовски жана мурдагы президент Лех Валенса өзү катышты.

Тилектештик сыйлыгы Польшанын тышкы иштер министрлиги тарабынан негизделген.

Жанна Немцова Орусияны быйыл 27-февралда атасы Кремлдин жанында атып өлтүрүлгөндөн кийин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Немцованын ырастоосунда, ал атасынын өлүмү боюнча өз алдынча иликтөөлөрдү баштаганда Орусияда коркутууларга кабылган. (UE)

XS
SM
MD
LG