Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Атамбаев: Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти


Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте жогорку окуу жайларынын мыкты студенттери менен жолугушууда айтты.

Мамлекет башчы билим жана өндүрүмдүү эмгек Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө экенин белгилеп, эртең «Датка – Кемин» электр линиясынын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясын расмий ачуу салтанаты өткөрүлөрүн айтты.

- Биз буга чейин коңшу мамлекеттерге көз каранды болчубуз, өз электр энергиябызды кошуна өлкөлөр аркылуу алчубуз. Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти, - деди президент.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев «Талды-Булак Сол жээк» алтын комбинаты жана башка алтын кен ишканалар ачылып, бюджеттин киреше бөлүгү көбөйсө мугалим, доктурлардын айлыгы көбөйөрүн кошумчалады.

«Датка – Кемин» линиясы аркылуу Токтогул ГЭСи өндүргөн энергия Кыргызстандын түндүк аймагына коңшу республикаларды аралабастан, түз ташылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG