Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Грузияда НАТОнун машыктыруу борбору ачылды


Тбилисинин жанындагы Крстанизи аскердик базасында НАТО менен Грузиянын биргелешкен машыктыруу борбору ачылды. Түндүк Альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг расмий салтанатта сүйлөгөн сөзүндө борбор Грузияга аскердик блок менен жакындашууга жардам берерин белгиледи. Столтенбергдин айтымында, бул машыктыруучу жай өткөн сентябрдагы саммитте Грузиянын коргонуу тармагын өнүктүрүү чараларынын алкагында ачылды.

Премьер-министр Ираклий Гарибашвили борбор кайсы бир өлкөгө каршы багытталбаганын, “регионалдык коопсуздукту, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздоону” көздөрүн белгиледи.

Москва Грузиянын НАТОго кошулуусун Орусиянын коопсуздугуна коркунуч катары сыпаттайт. Грузиянын Ооганстандагы контингенти сан жагынан АКШдан кийинки экинчи оорунда турат.

XS
SM
MD
LG