Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Меркел: Мигранттардын сөөктөрүнүн табылышы дагы бир эскертүү


Сербиядан Венгрияга өтүп жаткан мигранттар. 27-август, 2015-жыл
Сербиядан Венгрияга өтүп жаткан мигранттар. 27-август, 2015-жыл

Германиянын канцлери Ангела Меркел Австрияда жүк ташыган машинада мигранттардын өлүктөрүнүн табылышы Европа кризисти тезирээк чечүүгө тийиш деген дагы бир эскертүү деди.

Венада Евробиримдик менен Балкан өлкөлөрүнүн саммиттинде сүйлөгөн канцлер “иммигранттар маселесин Европага мүнөздүү тилектештик духунда жөнгө салышыбыз керек” деди. Жыйында Чыгыш Балкандардагы өлкөлөр Жакынкы Чыгыш жана Африкадан агылган он миңдеген бозгундарга байланыштуу чоң кыйынчылыктарга туш болуп жатканы белгиленди.

Еврошаркетке кирүүгө умтулган мигранттардын көбү “Балкандар жолун” пайдаланышат жана Македония, Сербия аркылуу Венгрияга, андан ары Австрия, Германия жана Батыштын башка мамлекеттерине өтүшөт.

Австриянын полициясы Венгрия менен чек арага жакын жерде жүк ташуучу машинада 20-50 чакты сөөк табылганын бүгүн билдирген.

XS
SM
MD
LG