Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

ӨКМ: Кулчулукта жүргөн келин кордолуп жатканын айтты


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Казакстанда кулчулукта жүргөнүн айтып телефондон жардам сураган кыргызстандык келин Бактыгүл Кошонова экени такталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, 33 жаштагы Кошонова Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айылында туулган. Сегиз жыл мурда колундагы бир жашар уулу менен Казакстанга кулчулукка сатылып кеткен.

Ал дайынын айтып телефон чалгандан кийин кайра байланышуу мүмкүн болбой жатат дейт Бекилов:

- Кайсы жерде экени белгисиз болууда. Кайра телефон чалсак байланышка чыкпай жатат. Ал аёсуз кордолуп жатканын, эч ким менен сүйлөшө албасын, болгону баласына гана жардам берүүнү өтүнгөн.

Кошонованын айтуусу боюнча, мындан 7 жыл мурда, тагыраак айтканда 2008-жылы 25-июнда 17 кишини белгисиз адамдар алдоо жолу менен Казакстандан жумуш таап беребиз деп алып барып, сатып жиберген. Учурда аны бирөөлөр кордоп, мал бактырып жатканын, апасы каза болуп калганын жана үйүнөн качып кеткенин кошумчалаган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бул телефон чалууну жеке көзөмөлүнө алды. Учурда милиция жана Тышкы иштер министрлиги Кошонова менен кайра байланышуу аракетин жасоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG