Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Австрия 71 мигрант апаат болгонун тастыктады


Мигрант аял Белграддын автобус жана темир жол вокзалынын жанындагы парктагы качкындар конуш кылып алган жайда куш уйку салып отурат. Сербия, 26-август 2015
Мигрант аял Белграддын автобус жана темир жол вокзалынын жанындагы парктагы качкындар конуш кылып алган жайда куш уйку салып отурат. Сербия, 26-август 2015

Бургенленд провинциясынын полиция акими Ханс Петр Доскозил Эйзенштад шаарында журналисттер менен кездешүүдө өлгөндөрдүн арасында жаш балдар да бар экенин билдирди. "Бүгүн биз 71 адам трагедиялуу окуяда өлгөнүн тастыктайбыз. Алардын ичинде 59 эркек, 8 аял, 4 бала бар. Балдардын бирөө 2 жашар кыз, үчөө 8-10 жаш курактагы балдар" деди Ханс Петр Доскозил.

Доскозил маркумдардын биринин жанын Сириянын паспорту чыкканын, ага таянып, өлгөндөр сириялык качкындар болушу мүмкүн экенин айтты. Бирок ал: “Балким алар африкалык качкындар болушу ыктымал,” -деп кошумчалады.

Өлүктөр 27-августта Вена-Будапешт кан жолунун четинде калтырылган жүк тартуучу машиненин ичинен табылган.

Шоокумдуу окуядан улам үч адам Венгрияда камакка алынганы, машиненин ээси деп теги ливандык Болгария жараны боолгонуп жатканы да кабарланды.

XS
SM
MD
LG