Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Кобзон санкцияларга карабай Европага дарыланууга барат


Орусиялык ырчы Иосиф Кобзон Евробиримдик киргизген санкцияларга карабай, Германияга дарыланууга жөнөдү. Маалыматтарга караганда, анын виза алуу иштерине президент Владимир Путин жардам берген.

Жети жыл мурун дарыгерлер Иосиф Кобзонго залалдуу шишикке чалдыккан деп диагноз коюшкан. Ырчы буга чейин Батыш өлкөлөрүндө дарылануу ниети жок экенин билдирип келген.

Кобзон Украина чыгышында өздөрүн “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп атап алган жикчил топторду ачык эле колдогону үчүн АКШ, Канада жана Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн санкциясынын тизмесине түшкөн. Ага аталган мамлекеттерге барууга тыюу салынган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG