Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

БШК 16 партиянын сунушун четке какты


Күздө болчу парламенттик шайлоого катышуу ниетин билгизген 16 партиянын сунушун БШК расмий түрдө четке какты. Бул тууралуу чечим мекеменин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Белгиленген мөөнөт ичинде талапкерлердин тизмесин бербегени жана курултай өткөрбөгөнү үчүн төмөнкү партияларга шайлоого катышууга уруксат берилбейт:

“Чындык”,

“Кыргыз-Ата”,

“Жаңы мезгил”,

“Эркиндик жана демократия”,

“Аруу эл”,

“Бирлик”,

“Эгемен Кыргызстан”,

Жашылдар партиясы,

Өндүрүү тармагында иштегендердин, дыйкандардын жана колу жукалардын үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо партиясы,

“Эл үнү”,

“Бирге-Вместе”,

“Улут Ордо”,

Кыргызстан жумушчуларынын партиясы,

“Билим, илим ордосу”,

“Тартип”,

“Ыйман нуру”.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого 14 партия катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG