Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Ульяновскиде абактагы жалын төрт өмүрдү жалмады


Орусиянын Ульяновск шаарында жайгашкан убактылуу кармоочу жайда ишемби күнү өрт чыгып, төрт адам каза тапты. Ооруканага түшкөн сегиз кишинин экөө оор абалда. Ульяновск облустук өзгөчө кырдаалдар комиссиясы чукул жыйынга чогулду.

Окуяга байланыштуу шалаакылык беренеси менен кылмыш иши козголду.

Адам укуктары боюнча президенттик кеңештин мүчөсү Александр Брод жаза аткаруу тармагындагы башка мекемелерде да көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Абактагы өрттүн себептери изилденип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG