Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

ЕБнын ири үч өлкөсү мигранттар маселесин талкуулоону суранды


Каттоодон өткөнү кезек күтүп турган мигранттар. Македониянын Греция менен чек аралаш Гевгелижа шаарынын чети. 23-август 2015
Каттоодон өткөнү кезек күтүп турган мигранттар. Македониянын Греция менен чек аралаш Гевгелижа шаарынын чети. 23-август 2015

Германия, Франция жана Британия Европа Биримдигин күчөп бараткан миграция кризисин токтотуу үчүн “конкреттүү чара көрүүгө” чакырды. Кайрылууну үч мамлекеттин ички иштер министрлери Томас де Мезер, Бернар Казнев жана Тереза Мэй 30-августта жасашты.

Кайрылууда жыл аягына чейин Греция менен Италияда мигранттарды каттоо жана бармактарынын изин алуу үчүн атайын жайларды ачуу, кризистик абалды талкуулоо үчүн эки жума арасында Биримдиктин ички иштер жана юстиция министрлеринин жыйынын өткөрүү сунуш кылынат.

Ооганстан, Бангладеш, Сирия жана башка өлкөлөрдөн Евробиримдикке жетүүгө умтулган миңдеген бозгундар быйыл жайда деңизге чөгүп же башка алааматтарда апаат болушту.

XS
SM
MD
LG