Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Питер Грес Мисир президентин ырайымдуулукка чакырды


Мухаммед Фахми сот төрагасы менен сүйлөшүп жатканда Египеттин желегин көрсөтүүдө. 12-февраль 2015
Мухаммед Фахми сот төрагасы менен сүйлөшүп жатканда Египеттин желегин көрсөтүүдө. 12-февраль 2015

“Ал-Жазира” телеканалынын кабарчысы Питер Грес Мисир президенти Абдел Фатах ал-Сисиге кайрылып, өзүн жана эки кесиптешин ырайым кылууну суранды. 29-августта Мисир соту “Ал-Жазиранын” кабарчылары: австралиялык Питер Грести (сыртынан), канадалык Мухаммед Фахмини жана мисирлик Бахир Мухаммедди тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылынын пайдасына жалган маалыматтарды тараткан деп таап, ар бирин үч жылдан эркинен ажыраткан.

Питер Грес 30-августта Сиднейдеги маалымат жыйынында “бизге ырайым берүү эми президент ас-Сисинин ыктыярында, себеби ал башынан эле эгер журналисттер күнөөлүү деп табылса, кечирем деп айткан” деди жана сот “саясый жүйөөдөн” улам өкүмдү “жаңылыш чыгарган” деп билдирди.

Үч журналист 2013-жылы камакка алынган. Быйыл февралда Грес мекенине жөнөтүлүп, эки шериги күрөөгө бошотулган. Сот өкүмүн дүйнөнүн чар тарабындагы адам укугун коргоочулар сындашкан.

XS
SM
MD
LG