Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

АКШга мигранттар Кытай жана Индиядан көп келчү болду


АКШга мексикалыктарга караганда кытайлык жана индиялык ииммигранттар көп келе баштаган. АКШнын Эл каттоо бюросунун маалыматы боюнча, 2013-жылы өлкөгө 1.2 миллион адам мыйзамсыз келген. Алардын 147 миңи Кытайдан, 129 миңи Индиядан жана 125 миңи Мексикадан болгон. Талдоочулардын айтымында, кытайлык жана индиялыктардын Америкага көп келүүсү акыркы 10 жылга мүнөздүү көрүнүш. Бул жылдары АКШга жогорку квалификациялуу иммигранттар көп келген жана кытайлыктар менен индиялык иммигранттардын көбү мексикалыктардан айырмаланып, студенттик визалар менен келишкен. Чет өлкөлөрдө туулган АКШ жарандарынын 25 % көбүн учурда мексикалыктар түзөт.

XS
SM
MD
LG