Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Бүгүн Кыргызстан эгемен болгонуна 24 жыл толду


Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына орнотулуп жаткан сахна
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына орнотулуп жаткан сахна

Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 24 жылдык майрамы белгиленет. Өлкөнүн бүт облус жана райондорунда салтанат уюштурулат. Башкы майрам Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында саат 10до башталат. Ага президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, элди куттукташат. Кечкисин ошол эле аянтта Орусиядан келген ырчылар Дима Билан, Вера Брежнева жана Григорий Лепс концерт тартуулайт.

Ал эми өкмөт башчы Темир Сариев Оштогу салтанатка катышат.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган. (SE)

XS
SM
MD
LG