Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

ИМ тобу Пальмирада дагы бир храмды жок кылды


“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Сириянын Пальмира шаарында дагы бир тарыхый храмды жок кылды. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы тараткан кабарга ылайык, бул ирет жоочулар Рим империясы маалында шаар борборуна курулган Бэла храмын талкалады. Маалыматка ылайык, көөнө эстелик 30-август күнү жардырылды.

Бул соңку бир ай ичинде согушкерлер тарабынан жок кылынган экинчи тарыхый имарат. 25-августта Баал Шамин храмы талкаланган.

“Ислам мамлекети” тобу буга чейин Иракта да байыркы эстеликтерди, христиандар менен мусулмандар ыйык санап келген жайларды жардырып салышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG