Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Премьер-министр: Коррупцияга каршы күрөштү күчөтөбүз


Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн Ош шаарында Эгемендик майрамын белгилөө учурда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал өлкөдөгү системалуу коррупциянын тамырын жоготууга багытталган иштер мындан ары да уланарын белгиледи. Ошондой эле бул күрөштө эч кимге аёо болбой турганын эскертти. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн тартип керектигин белгилеген премьер-министр, коомдун өзү да мамлекеттик тартипти күчөтүүнү бийликтен, өкмөттөн талап кылып жатканын айтты.

Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында Эгемендик майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө. Премьер-министр Темир Сариев Оштогу салтанатка катышууда. Өкмөт башчы эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Суу, Алай, Араван райондорундагы социалдык объектердин ачылышына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG