Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Комиссия Коргоо министрлик учактарынын ижарага берилишин иликтейт


Кыргыз өкмөтү “Кыргызкурал” ишканасы менен Уганданын Коргоо министрлигинин ортосундагы учактарды ижарага берүү боюнча келишимдин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн жумушчу топ түздү. “Кыргызкурал” Коргоо министрлигинин алдындагы ишкана.

Премьер-министр Темир Сариевдин тескемесинин негизинде, жумушчу топ аталган ишкананын ишмердүүлүгүн иликтейт. Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов Угандага эч ким эч нерсе бербегенин, маалымат туура эмес тараганын “Азаттыкка” ырастады.

Сүйөркулов учурда текшерүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу иштин чоо-жайы тууралуу түшүндүрмө бере албастыгын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG