Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Киевдеги тополоңдо жүз чакты полициячы жаракат алды


Киевдеги тополоң, 31-август, 2015.
Киевдеги тополоң, 31-август, 2015.

Жогорку Раданын алдында митингчилер менен болгон бүгүнкү кагылышууда ички иштер министрлигинин жүз чакты кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министрлигинен кабарлашты. Анда жаракат алгандардын ондон ашуусунун абалы оор экени, митингчилердин арасынан канча киши жабыркаганы тууралуу маалымат жоктугу айтылган.

Ички иштер министри Арсен Аваков да бүгүнкү башаламандыкта 90дон ашуун полициячы жаракат алып, парламент алдындагы жарылуудан бир кызматкер эки бутунан ажыраганын билдирди. Киевдин мэри Виталий Кличко аскерлердин арасында жоготуулар болгонун жергиликтүү медиага билдирди, бирок мындай маалымат башка булактар тарабынан тастыктала элек.

Киевдеги тополоң Жогорку Рада бүгүн конституцияга өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге көбүрөөк автономия берген өзгөртүү киргизүүнү колдоп добуш берген соң башталган. Ага чейин парламент алдында мындай өзгөртүүгө каршы акция өтүп жаткан.

Митингчилер конституцияга өзгөртүү киргизүү колдоо тапканын уккан соң, полиция тосмосун бузуп, имаратка кирүүгө аракет жасаган жана ага жооп катары көздөн жаш агызчу газ атылган. Мындан соң парламент алдында граната жарылып, ызы-чуу күчөп кеткен.

Киев полициясы гранатаны ыргытууга шектүү жаран кармалганын кабарлады. Кагылышуу маалында мындан сырткары дагы 30 чакты демонстрант кармалган.

XS
SM
MD
LG