Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Абдраимов: тизмеде соттолгондор көп


Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында анын төрагасы Туйгуналы Абдраимов билдирди. Ал мурда-кийин соттолгондор партия тизмелеринде абдан көп экенин айтты. Алардын арасында “коррупция”, “уурулук”, “зордуктоо”жана башка беренелер боюнча кылмыш иши козголгондор бар.

“Кээ бир партиялар кылмыш иши козголгон талапкерлдерди чакыртып алууда, айрымдары ошол бойдон калды. Кылмыш иши козголуп, соттолгондордун тизмесин партияларга кайрадан жөнөтүп жатабыз Эгер алар Жогорку Кеңешке өтүп келсе, БШК эмес, партия жооптуу болот”, - деди Абдраимов.

Шайлоого ат салышкан 234 талапкерге буга чейин кылмыш иши козголгонун 1-сентябрда парламенттин комитет жыйынында ИИМдин орун басары Курсан Асанов да билдирген. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG