Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Азат Үсөналиев Азия чемпиондугунун жарым финалында күч сынашат


Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев жана филиппиндик Ян Баутиста. 2-сентябрь, 2015-ж. Бангкок.
Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев жана филиппиндик Ян Баутиста. 2-сентябрь, 2015-ж. Бангкок.

Кыргыз мушкери Азат Үсөналиев Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунун жарым финалдык беттешине жолдомо алды. Азия бокс конфедерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 52 кг. салмакка чейинкилер арасында чейрек финалдык таймашта Үсөналиев филиппиндик Ян Баутиста менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңишке жетти. 4-сентябрда Азат жарым финалда казакстандык Олжас Саттибаев менен беттешет. Азат Үсөналиев бул салмакта учурдагы Азия чемпиону. Ал чемпиондук наамга 2013-жылы ээ болгон.

Бүгүн бокс боюнча Азия чемпиондугунун чейрек финалында кыргыз мушкерлеринен 81 кг.салмакка чейинкилер арасында Эркин Адылбек уулу өзбекстандык Элшод Расулов менен жарым финалга чыгуу үчүн күч сынайт.

Бир күн мурда Кыргызстандан 56 кг. салмакка чейинкилер арасында Өмүрбек Малабеков менен 64 кг. салмакка чейинкилерден Эрмек Сакенов чейрек финалда атаандаштарына утулуп, байгелүү орундарга жетпей калышты.

Ага чейин Эркин Болотбек уулу (- 69 кг), Рахманкул Аватов (-49 кг), Акжол Сулайманбек уулу (-60 кг), Азамат Каныбек уулу (-75 кг), Сергей Паренко (- 91 кг) жана Чыңгыз Борбашев (+ 91 кг) мелдештерин жыйынтыкташкан.

Бокс боюнча Азия чемпиондугунун финалдык таймашы 5-сентябрда өтөт. Байге ээлерине октябрь айында Катардын Доха шаарында өтчү дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо берилет.

Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн Азия чөлкөмүнүн мушкерлерине 66 квота бөлүнгөн. (ECh.)

XS
SM
MD
LG