Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Пакистанда үч полициячы окко учту


Пакистан -- Жаракат алган кесиптешинин жанында турган полиция кызматкери. Пешавар, 2-сентябрь, 2015.
Пакистан -- Жаракат алган кесиптешинин жанында турган полиция кызматкери. Пешавар, 2-сентябрь, 2015.

Пакистандын түндүк-батышында полиция кызматкерлери куралдуу топ менен кагылыша кетип, кеминде үч полиция кызматкери мерт болуп, дагы алтоо жаракат алды. Полициянын өкүлү Миан Саиддин айтымында, 2-сентябрда Пешавардын чет жакасындагы Урмар Пайан деген кыштактагы бир үйдү тинтүү учурунда куралчан адамдар полицияга каршы ок аткан. Аны эки ортодогу атышуу коштоп, куралчан топтогулардын бирөөсү мерт болуп, калганы качып кеткен. Полиция кийинчерээк бул үйдө миномет жана башка жардыргыч заттар бар экенин аныктаган. Куралчан адамдар согушкерби, же жөн эле кылмыштуу топтун мүчөлөрүбү, азырынча белгисиз.

Пешавар шаары 2014-жылдын декабрында Пакистандын тарыхындагы эң оор террордук чабуулга кабылган. Талиб согушкерлери мектепке жасаган бул чабуул 150дөн ашуун адамдын өмүрүн алган, алардын көпчүлүгү балдар эле. Быйыл февралда шиит мечитине кол салуудан болсо 21 адам ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG