Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Тажикстанда ички иштер министринин орун басары кылмышкер деп иштен алынды


Тергөөчүлөр Душанбе аэропортуна кеткен жолдогу кагылыш болгон жерди изилдешүүдө. 4-сентябрь 2015
Тергөөчүлөр Душанбе аэропортуна кеткен жолдогу кагылыш болгон жерди изилдешүүдө. 4-сентябрь 2015

Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Абдухалим Назарзода кызматтан алынды. Президент Эмомали Рахмондун сайтына 4-сентябрда чыккан билдирүүдө Назарзода кылмыш жасаганы үчүн жумуштан алынганы айтылган, башка маалымат жок.

Бүгүнтаң эртең Душанбе шаардык аэропортуна кеткен жолдогу аткылашууда ОМОНдун эки жоокери, МАИнин бир инспектору окко учкан. Ок жеген эки милиционердин абалы оор. Каратегин маалесинде жашаган аял: “Окуя таңкы бешке жакын болду. Мен атышууну угуп, ойгонуп кеттим. Мага октор биздин үйгө тийип жаткандай сезилди,”-деди.

Бүгүн багымдатта куралчандар тобу Душанбеден 20 км чыгыштагы Вахдат шаардык милицияканасына чабуул жасады. Салгылашууда беш милиционер, куралдуу топтун жетекчиси Зиевиддин Абдуллаев жана анын бир жигити өлүп, үч куралчан жарадар болгон. Ырасмий билдирүүгө караганда, чабуулду Абдуллаев башындагы кылмыш тобу уюштурган.

XS
SM
MD
LG