Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Ош мэри шайлоого катыша албай калгандардын укугу бузулду деп эсептебейт


Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн добуш берип жатып, шайлоого катыша албай калган жарандардын укугу бузулду деп эсептебей турганын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда шайлоочуларына биометрикалык маалыматын тапшырып, өзүн шайлоо тизмесинен тактоого жетиштүү убакыт берилген.

Аймактык кабарчыбыздын маалыматында, Ош шаарында добуш берүү жараянына шайлоочулар активдүү катышууда. Мэр добуш берген № 5379 шайлоо участогунда 1,5 саат ичинде 120 киши добуш берди. Ал эми №5271 участогунда добуш берем деп кезек күткөндөрдүн саны 100 кишиге чукулдады.

Ош шаарында жалпы 80 шайлоо участогу бар, анын жетөө кошумча ачылган. (AzK/YI)

XS
SM
MD
LG