Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Вашингтон Сирияда Орусия менен аскердик жактан кызматташпайт


Себеби, АКШ Орусиянын тактикасын трагедиялык ката деп эсептейт. Бул жөнүндө АКШнын коргоо министри Эштон Картер бүгүн Римде айтты жана Орусиянын чабуулдары жалгыз “Ислам мамлекети” тобуна урулбаганын “фундаменталдык жаңылыштык” деп атады. Бирок АКШ Москва менен учкучтардын коопсуздугу боюнча техникалык талкуу өткөрүүгө даяр деди.

РИА Новости агенттиги Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковго шилтеп, Вашингтондун ИМдин өңүттөрү тууралуу маалымат бөлүшкүсү келбегени, АКШнын эл аралык терроризмге каршы күрөштө Орусия менен кызматташпоонун айласын издеп жатканын көрсөтөт, деп кабарлады.

XS
SM
MD
LG