Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан футбол бетешинин экинчи таймы башталды


Учурда Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан-Тажикстан футбол беттешинин экинчи 45 мүнөтү башталды. Футболчулар 15 мүнөттүк тыныгуудан соң кайрадан көк майсаңга чыгышты. Кыргызстандын оюнчусу Бактияр Дүйшөбеков оюн жаңы башталган жетинчи мүнөттө Тажикстан командасынын дарбазасына гол киргизген. Биринчи тайм Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.

Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында ойношууда.

Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары 11 - жолу беттешүүдө. Буга чейинки 10 таймашта Кыргызстан 2 жолу жеңип, 1 жолу тең ойноп, 7 жолу утулган. (UEz)

XS
SM
MD
LG