Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Футбол: Тажикстан 2 голу менен озуп баратат


Учурда Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан-Тажикстан футбол беттешинин экинчи бөлүгүндө коноктор эсепти 2:1 кылып өзгөрттү. Тажик оюнчулары 66-мүнөттө жана андан көп өтпөй 11 метрлик айып аянтчасынан Кыргызстандын дарбазасына гол киргизишти.

Кыргызстандын оюнчусу Бактияр Дүйшөбеков оюн жаңы башталган жетинчи мүнөттө Тажикстан командасынын дарбазасына гол киргизген.

Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында ойношууда.

Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары 11 - жолу беттешүүдө. Буга чейинки 10 таймашта Кыргызстан 2 жолу жеңип, 1 жолу тең ойноп, 7 жолу утулган. (UEz)

XS
SM
MD
LG