Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Кыргызстанда жакын арада катуу жер титирөө болбойт


Кыргызстанда жакынкы бир жылда кыйроого алып келчү титирөөлөр болбойт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институнунун лаборатория жетекчиси Медербек Өмүралиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, зилзала көп катталып жатышынан чочулоого негиз жок. Анткени жыл сайын 4 баллга чейин 3 - 3,5 миңге жакын жер силкинүү катталат жана бул адаттагы эле көрүнүш.

Айрым адистер акыркы кездери Кыргызстанда майда жер силкинүүлөр көп катталып жатышына кооптонуп келишкен.(UEz)

XS
SM
MD
LG