Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Мушкер Урмат Рыскелдиев WBU уюмунун чемпиондук куру үчүн таймашат


Урмат Рыскелдиев.
Урмат Рыскелдиев.

Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев Бүткүл дүйнөлүк бокс бирлигинин (WBU) чемпиондук куру үчүн 24-октябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында беттешке чыгат. Бул тууралуу боксчунун менеджери Жаныш Осмон "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, Урматтын атаандашы 27 жаштагы Ямайкалык Натаниэл Галимор. Ал профессионалдык рингде 9 беттеш өткөрүп, бардык беттештерде жеңүүчү болуп, анын ичинен 8 беттешин нокаут менен уткан.

Таймашка 69 кг.салмакка чейинкилер катышып, оюн 8 раундга созулат. Урмат Рыскелдиев профессионалдык рингде 7 беттешке чыгып, 6 жолу утуп бир таймашында тең чыккан.

WBU уюму 1995-жылы эл аралык бокс уюмунун (IBF) Европадагы өкүлү Джон Робинс тарабынан негизделген. Аталган уюм дүйнө жүзүндөгү промоутерлер менен тыгыз кызматташууга укук алган. WBU Африка жана Европада кеңири таанымал. Өз учурунда WBU уюмунун чемпиондук наамы үчүн Рикки Хаттон, Джордж Форман, Томас Хернс, Джеймс Тони, Джонни Нельсон жана Микки Уорд өңдүү бир нече атактуу мушкерлер күч сынашкан.(ECh)

XS
SM
MD
LG