Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

НАТО Ооганстандагы пландарын өзгөртүшү мүмкүн


НАТО 2016-жылдан кийин Ооганстандагы аскерлеринин санын пландалгандан көбөйтүшү ыктымал. Бул тууралуу альянстын Брюсселдеги жыйынынан кийин айтылды. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг “өнөктөштөрдүн көбү Ооганстанда керек болсо мындан узагыррак калууга дилгирлигин көргөзүштү,” – деди коргоо министрлеринин жолугушуусунан кийин.

Ооганстандын куралдуу күчтөрү стратегиялык Кундуз шаарын "Талибандан" кайтарып алганы менен, согушкерлердин ири провинциянын баш калаасын ээлеп алышы НАТО машыктырган жергиликтүү армиянын чабалдыгын айкын көргөздү. Пентагондун башчысы Эш Картер өнөктөштөрдү машыктырууларга көбүрөөк убакыт берүү үчүн өз контингенттерин көбөйтүү жагын караштырууга чакырды. Анын айтымында, бир катар өлкөлөр өз турумдарын жана пландарын өзгөртүүгө даярдыгын билдиришти. Буга чейинки пландар боюнча АКШ 2016-жылдан кийин 1 миң аскерин гана калтырмак. Бирок азыр бул маселе кайра каралууда.

XS
SM
MD
LG