Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Ошто студент кызды ала качуу боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 18 жаштагы кызды 6-октябрь күнү кечинде шаардын борбордук көчөлөрүнөн белгисиз адамдар ала качкан. Кыздын жакындары милицияга арыз жазып, жигит тарапты тааныбай турганын жана аларды жоопко тартууну суранган. Алдын ала маалыматтар боюнча кыз шаардагы окуу жайлардын биринде билим алчу.

Аялды никеге турууга мажбурлоо жана адам уурдоо фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Ош шаарында жана Ош облусунда жыл башынан бери кыз ала качуу боюнча бир да арыз түшө элек болчу. Бейөкмөт уюмдар да соңку жылдары аймакта кыз баланы эркинен сырткары турмушка чыгууга мажбурлоо көрүнүштөрү кыскарганын айтып келишкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG