Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Кыргыз мушкерлери дүйнө чемпиондугунда мелдештерин жыйынтыкташты


Азат Үсөналиев.
Азат Үсөналиев.

Ушул күндөрү Катардын борбору Доха шаарында өтүп жаткан ышкыбоздор арасында бокс боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргыз мушкерлери мелдештерин байгесиз жыйынтыкташты.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан Азат Үсөналиев жана Эркин Адылбек улуу катышкан. 52 килограммга чейинки салмакта Азат Үсөналиев 7-октябрда болгон алгачкы беттешинде германиялык Хамза Тоуба менен күч сынашып, 3 раунддун жыйынтыгында калыстар немис мушкерине бир добуштан жеңишти ыйгарышкан.

Ошол эле күнү 81 килограмм салмакка чейинкилер арасында Эркин Адылбек уулу сириялык Ала Элдин Чусун менен күч сынашып 3:0 эсеби менен утулуп мелдештен четтеди. Азат Үсөналиев бир ай мурда Таиландда өткөн Азия чемпиондугунда коло медаль тагынып, ал эми Эркин Адылбек уулу 5-орунду ээлеп дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышкан.

Дүйнө чемпиондугунда финалдык таймашка жеткен мушкерлерге 2016-жылы Рио-де-Жанейродо боло турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо берилет. 6-октябрда башталган мелдештер 15-октябрга чейин уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG