Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Орусиялык оппозиция Немцовдун туулган күнүн белгилешүүдө


Москвада оппозициялык саясатчы маркум Борис Немцовдун эстелиги ачылды. Троекуровский көрүстөнүндөгү эстелик Немцовдун туулган күнүнө карата орнотулду. 9-октябрда ал 56 жашка чыкмак. Немцовдун аты чегилген ташта 5 октон калган тешиктерди көрсө болот.

Кайгылуу күнгө карата Анатолий Зверевдин Искусство борборунда сүрөт галереясы ачылды. Швейцариянын Базел шаарында орусиялык белгилүү музыканттар Андрей Гаврилов, Андрей Макаревич жана Святослав Вакарчук эскерүү концертин өктөрүшмөкчү. Немцовдун кыркын утурлай даярдалган ал концерттик программаны Москвада уюштурууга орус бийлиги уруксат бербей койгон.

Немцов февралдын аягында Кремлдин жанында ок жеп каза болгон. Кылмышка байланыштуу 5 кишиге айып тагылган. Бирок уюштуруучулар менен буйрук бергендер табыла элек.

XS
SM
MD
LG