Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Жалал-Абад: Сириядагы согуштан алты жаран чыгарылган


Облус аймагында учурда 84 адам Сириядагы согуштук иш-аракеттерге катышып жүргөнү аныкталып, алардын алтоо ал жактан чыгарылган. Бул тууралуу УКМКнын облустук башкармалыгы билдирди. Маалыматта айтылгандай, быйыл Сирияга 43 адам кеткени такталган жана алардын төртөө өспүрүмдөр. Жалпысынан ушул күнгө чейин 14 жаран согуш учурунда өлгөнү белгилүү болду. Сирияга жөнөтүү максатында жалдоо иштерин жүргүзүп жаткан 13 жаран аныкталып, алардын ичинен беш жаран камакка алынган. Жалпысынан бул багытта 11 кылмыш иши козголгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG