Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Оштун Дача аймагында таза суу чыга баштады


Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. Калаанын жакасындагы кайракы участкада жайгашкан Дача аймагына 9-октябрда таза суу жеткирилди. Жаңы курулган насостук станция эми 3250 метрлик түтүк менен сууну Төлөйкөн суу сактагычынан тартып келет.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, түтүк менен насостук бекетти курууга шаардык бюджеттен 4,18 млн. сом жумшалды.

5 миңдей адам жашаган аймактык кеңешке 1990-жылдан бери таза суу келбей калган. Суу түтүктөрү менен эми дачалыктар 24 саат бою суу ала баштайт. Ош шаарында таза суу жете элек мындан башка да кичирайондор бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG