Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон менен Германиянын канцлери Ангела Меркел Минск келишимин толук аткармайын Орусияга каршы санкцияларды албоону макулдашты. Бул тууралуу Британиянын премьер-министринин расмий өкүлүнө таянып, Би-би-си жазып чыкты.
“Алар Орусияга каршы санкцияларды Минск келишими толук аткарылмайынча сактап турууну сүйлөштү", - деди расмий өкүл.
Эки лидер Сириядагы абал боюнча узак жана терең пикир алышканы маалымдалууда. Жолугушуу жүрүшүндө Британиянын Евробиримдикке мүчөлүгү талкууланары күтүлүүдө. (TSh)