Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Анкарадагы терактта жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Түркиядагы консулу Айбек Акаев билдирди. Маалым болгондой, элчилик Анкара шаарындагы полиция менен кабарлашып, саат сайын маалымат алып жатат. Акыркы алынган маалыматтарда жарылуу болгон жерде кыргызстандыктар жок деген жооп келген.

Айбек Акаев кошумчалагандай, учурда Анкарадагы кыргыз коому менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын негизинде дагы маалыматтар такталмакчы.

Анкарада бүгүн борбордук темир жол бекетине жакын жердеги кош жардыруудан кеминде 95 адам мерт болуп, 180дей киши ооруканада жеткирилди. Түрк бийликтери окуяны жанкечти жасаган теракт деп аташты.

Расмий эмес маалыматтарга ылайык, Түркияда 5 миңден ашык кыргызстандык бар болсо, Анкарада 2 миңге чукул мекендеш бар. Алардын дээрлик жарымы Түркиянын окуу жайларында билим алган студенттер. (SDz)

XS
SM
MD
LG