Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Анкарадагы кыргызстандыктар арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө


Түркиянын борбору Анкара шаарындагы кыргыз коому мекендештер арасында түшүндүрүү иштерине киришти. Кыргыз коомунун башчысы Мирбек Жолдошбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Анкарадагы мекендештерге эл көп чогулган жайлардан алыс болуп, коомдук транспортко түшпөө керек жана метродон жакынкы бир-эки күн аралыгында оолак болгула - деген маалыматтарды жеткирүү иштери жүрүүдө.

Анкарада болгон жардыруу профсоюздук уюмдардын терроризмге каршы митингинде борбордук темир жолдун жанында орун алды. Жолдошбаев бул митингге кыргыздардын тиешеси жок болгондугуна байланыштуу ал жерде мекендештер болгон эместин айтты.

Эки кубаттуу жарылуунун кесепетинен окуя болгон жерде 90дон ашуун адам мерт кеткени маалымдалууда. Учурда эч бир тарап жарылууну моюнуна ала элек.

Расмий эмес маалыматтардан Анкарада 2 миңге чукул кыргызстандык бар. Алардын дээрлик жарымы Түркиянын окуу жайларында билим алган студенттер. (SDz)

XS
SM
MD
LG