Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

БШК "Бүтүн Кыргызстан Эмгектин" добуштары боюнча олуттуу айырма тапкан жок


Бүгүн БШК өкүлдөрү “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын арызынын негизинде Ош облусундагы айрым шайлоо участокторунда добуштарды кайра санап чыгып, буга чейин жарыяланган эсептен олуттуу айырма жок деген бүтүмгө келди. Бирок партия өкүлдөрү эсептөө ыкмасына макул болбой, БШК мүчөлөрү түзгөн протоколго кол коюудан баш тартышты.

БШК мүчөсү Жеңиш Акматовдун мурдараак "Азаттыкка" билдиргенине караганда, аталган партия шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, Ош шаарынан 2, Араван районунан 3, Өзгөн районунан 4 участоктогу добуштарды кайра саноону талап кылган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы 7 пайыздык аймактык босогодон өтпөй калган болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG