Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Кыргызстан күйүүчү май базарын Казакстандан коргоого киришти


Экономика министрлгинин күзөтчү топтору "Ак жол" өткөрмө бекетинде да беш күндөн бери турушат.
Экономика министрлгинин күзөтчү топтору "Ак жол" өткөрмө бекетинде да беш күндөн бери турушат.

Казакстан менен чек арадагы өткөрмө бекеттердин баарына атайын күзөт топтору жөнөтүлгөнүн бүгүн Экономика министрлиги ырастады.

Министрликтин расмий маалыматына караганда, күзөт топтору көзөмөл бекеттерде күнү-түнү туруп, Кыргызстандын аймагына Казакстандан күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз киргизилип жаткан-жатпаганына байкоо салышы керек.

Бийликтин бул чарасы алдында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү Кыргызстан Евразия экономикалык союзуна кошулгандан бери өлкөгө Казакстандан мунайзат продуктыларын мыйзамсыз ташуу кескин көбөйгөнү, эгер кырдаал өзгөрбөсө мамлекеттик казына салык жана башка төлөм түрүндө бир миллиард сомдой албай каларын айтып чыгышкан эле.

Экономика министрлигинин түндүк аймак аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстанга салыштырганда Казакстанда күйүүчү май арзан:

- Казакстанда күйүүчү майдын баасы Кыргызстандыкына караганда 10-12 сомго (1 литрине) арзан болуп жатат.

Экономика министри Олег Панкратов буга чейин билдиргендей, кыргыз өкмөтү күйүүчү майдын кээ бир түрлөрүн чек арадан автоунаа менен алып өтүүгө тыюу салууну жана акциздик салыктын өлчөмүн төмөндөтүүнү көздөп жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG