Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Натыйжалуу иштей турган өкмөт түзүү маселеси талкууланат


Бүгүн Бишкекте саясий партия өкүлдөрү, талдоочу, эксперттер жаңы шайланып келген Жогорку Кеңеш натыйжалуу иштей турган өкмөттү түзүүдө эмнеге көңүл буруш керек деген маселени талкуулашат. Анда шайлоодо утуп келген партиялардын кадрдык резерви, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында конструктивдүү кызматташууну жүргүзүү үчүн министрлер кабинетин реформалоо тууралуу сөз болот.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого 14 партия катышып, алтоо утуп чыккан. Талдоочулар бул жолку Жогорку Кеңеш деле министрликтерди бөлүп, өз кызыкчылыгына жараша кадрларды дайындай турганын белгилешүүдө. Алар мындай система өкмөттүн натыйжалуу иштешине бут тосорун белгилешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG