Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Жер титирөө Кыргызстанда да байкалды


Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү Ошто 4 балл, Бишкекте 3 жана Нарында 4 балл болду. Сейсмология институту зилзала очогунда 9-10 баллга жеткенин, ал Ооганстандын Гиндикуш аймагында болгонун маалымдады.

Бүгүн Түштүк Азия чөлкөмүндө 7,5 баллдык жер титирөө болуп, андан ондогон кишилер жаракат алганы кабарланууда. Башка бир маалыматтарда анын очогу Ооганстандын борбору Кабулдан 250 чакырымдай аралыктагы Журм шаарына жакын жердеги тооолордо катталды. Анын күчү Пакистандын борбору Исламабадда жана Индия баш калаасы Делиде да байкалган.

Пакистан бийлигинин бир өкүлү AFP агенттигине жер титирөөдөн Сват өрөөнүндө жүздөн ашуун киши жаракат алганын билдирди.

Жер титирөө Борбор Азия өлкөлөрүндө да байкалды. "Азаттыктын" тажик кызматы жергиликтүү убакыт боюнча саат экиден он мүнөттөй өткөндөгү силкинүү бир канча мүнөткө созулганын жазды. Өзбекстандын жана Казакстандын көпчүлүк аймактарында да бул жер титирөөнүн күчү 4-5 баллга жеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG