Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Өкмөт баалардын кескин жогорулоосуна жол бербөө чараларын талкуулады


Дордой базары
Дордой базары

Монополияны жөнгө салуу агенттиги өлкөдөгү бааларды туруктуу кармоо жана кескин жогорулашына жол бербөө чараларын көрүшү керек. Мындай талапты премьер-министр Темир Сариев бүгүн республикалык бюджеттин аткарылышы жана өндүрүшчүлөрдү колдоо маселесине арналган жыйында койду.

Премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асановдун "Азаттыкка" айтымында, Темир Сариев дүйнөдөгү экономикалык кризис шартында өкмөт ыкчам жана терең анализденген антикризистик чараларды көрүшү зарыл экенин белгиледи.

- Дүйнөдө экономикалык кризис жүрүп жатат. Буга биз кечиктирилгис чараларды көрүү менен макроэкономикалык резервдерди толугу менен колдонууга аракет көрүшүбүз керек. Дал ушундай кырдаалда өлкөнүн экспорттук потенциалын толук пайдаланып, кайра иштетүү, айыл чарба жана тигүү тармактарына колдоону күчөтүү зарыл,- деди Темир Сариев.

Муну менен катар өкмөт башчы бардык мамлекеттик органдарды бизнес коомчулук менен байланышты күчөтүп, учурдагы шартта биргеликте иш алып баруу тапшырмасын берди.

Ал арада Кыргызстанда улуттук валютанын АКШ долларына карата катышы жогорулоодо. Соңку 3 ай ичинде 1 доллар 10 сомго кымбаттап, бүгүн акча алмаштыруучу жайларда 72 сомдон сатылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG