Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Бишкекте Үркүн тууралуу спектакль көрсөтүлөт


Үркүнгө арналган илимий жыйын
Үркүнгө арналган илимий жыйын

1916-жылкы кандуу окуянын жүз жылдыгына карата “Учур” жаштар театры “Улуу үркүндө” деген аталыштагы трагедиясын көрсөтөт. Бул Кыргыз Эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиевдин чыгармасынын негизинде даярдалган. Ал эми койгон режиссеру Акылбек Абдыкалыков.

Спектакль 30-ноябрь - 1-декабрда Коомдук телеканалдын студиясында тартууланат.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш мыкаачылык менен басылган соң, орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын кыргындарынан улам Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган. Тарыхчылар бул окуяда ар кандай жагдайда 150 миңден 400 миңге чейин адам өлгөндүгүн айтып жүрүшөт.

Президент Алмазбек Атамбаевдин быйыл май айында чыгарган жардыгына ылайык 2016-жылы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн эскерүүгө байланышкан ири иш-чаралар өтүшү керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG